Ссылки доступа

WSJ: Орусиялык троллдор праймериз баштала электе эле Трампка үгүттөшкөн


Дональд Трамп 2015-жылы июнда президенттикке талапкерлигин койгондон бир нече апта өткөндөн кийин эле Twitter социалдык түйүнүндөгү Орусияга байланышкан аккаунттар ага үгүт жүргүзө башташкан. Мындай жыйынтыкка The Wall Street Journal (WSJ) гезитинин талдоочулары келишти.

Орусиянын Кошмо Штаттардагы шайлоо өнөктүгүнө кийлигишүүсү тууралуу баштапкы баяндамада Трамп үчүн үгүттөө иштери 2015-жылы декабрда башталганы айтылган. Орусия бул айыптоолорду четке кагып келет.

Алгачкы билдирүүлөрдө Трампты ыксыз мактоо сөздөрүнөн тышкары республикачылардын ошол кездеги фаворити Жеб Бушка, андан кийин демократтардын талапкери Хиллари Клинтонго жөнү жок асылуулар болгон.

Трамп праймеризде, кийин жалпы шайлоодо жеңишке жетүүгө мүмкүнчүлүгү бар экенин далилдегенге чейин аны мактаган билдирүүлөр менен сындаган билдирүүлөрдүн катышы 10-1 болсо, добуш берүүгө эки жума калганда ал 30-1ге жеткен.

WSJ басылмасынын маалыматына караганда, сын билдирүүлөрдүн көбү Black Lives Matter же Техастагы жикчилдер кыймылынын веб-баракчасы өңдүү Америкадагы абалды туруксуздаштырууга багытталган аккаунттарга жайгаштырылып келген.

Орусиялык троллдор тарабынан ачылган көптөгөн фейк аккаунттар интернетте тез эле популярдуулукка ээ болушкан. Алсак, Техастын жашоочусумун деген андай аккаунттардын бирине жазылгандардын саны кыска убакыттын ичинде эле 70 миңге жеткен. Ага жазылгандардын арасында Трамптын ошол кездеги жардамчысы Майкл Флинн жана Fox News телеканалынын алдыңкы журналисти Шон Ханнити болгон.

(Америкалык сенатор Ричард Бёрр орусиялык троллдор кантип Техастагы кагылышууларды уюштурганын айтып берди):

Виртуальные тролли и реальные жертвы
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:00:53 0:00
XS
SM
MD
LG