Ссылки доступа

Кыргызстанда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленүүдө


Кыргызстанда 7-8-ноябрь алгачкы жолу Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары белгиленүүдө. Буга чейин 7-ноябрда өлкөдө Октябрь революциясынын күнү майрамдалып келген.

7-8-ноябрь күндөрүн Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү деп жарыялоо тууралуу жарлыкты президент Алмазбек Атамбаев 26-октябрда чыгарган. Анда майрам күндү өзгөртүүнүн максаты 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүшүнүн жана саясий репрессиялардын курмандыктарын эскерүүгө байланыштырылган.

Жарлыкта ошондой эле парламентке Ленин чокусун Манас чокусу кылып өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун даярдоо сунушталган.

Буга чейин Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаттары Кыргызстанда Октябрь революциясын майрамдоо күнүнүн ордуна Орус империясына каршы көтөрүлүштүн жана Совет маалындагы репрессия курмандыктарын эскерүү күнүн белгилөө чечимине нааразылык билдиришкен.

Орус парламентинин вице-спикери Игорь Лебедев Кыргызстанда орус империясына каршы көтөрүлүштү майрамдоону "бетке чапкандай кадам" деп баалаган. Ага жооп иретинде Орусияда иштеп жүргөн кыргызстандык эмгек мигранттарынын айдоочулук күбөлүгүн таануу тууралуу мыйзамын жокко чыгаруу долбоорун иштеп чыгып, Мамдумага сунуштап жатканын билдирген.

XS
SM
MD
LG