Ссылки доступа

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама: "дипломатиялык" креветкалардан Мирзиёевдин реформаларына чейин


Урматтуу өнөктөштөр! Силерге "Басма сөзгө баяндама" аттуу жаңы рубриканы сунуштайбыз. Бул жерде дүйнөлүк басылмалардын башкы макалалары менен тааныша аласыңар. Мындай формат силерди кызыктырабы? Эгер жакса, силер үчүн анын жумасына канча жолу чыгып турганы ылайыктуу?

АКШнын президенти Дональд Трамп Азия-Тынч океан аймагы боюнча турнесинин алкагында 7-ноябрдын экинчи жарымында Түштүк Кореяга барды. Бул тууралуу Le Monde француз гезити жазды. Маалыматка караганда, Трамптын Сеулдагы сүйлөшүүлөрүнүн башкы темаларынын бири Пхеньяндын өзөктүк программасы болот. Батыш ММКлары Сеул Трамп үчүн «дипломатиялык креветка» дагы даярдап койгонун жазышууда. Креветкалар Түштүк Корея менен Жапония талашып жаткан Токто (корейче) же Такэсима (жапончо) аралынын жээгинде кармалган. Андан тышкары АКШ лидерине Сеулда 360 жыл мурда жасалган соя чыгы берилери кабарланууда.

Каталониянын экс-башчысы испан бийлигин өкмөттүн мурдагы мүчөлөрүн катуу куугунтукка алып жатат деп айыптады. Британиянын The Guardian гезити үчүн жазган макаласында Карлес Пучдемон аны менен бирге 13 кесиптеши козголоң уюштурууга айыпталып жатканына нааразылыгын билдирди. Испан мыйзамдарына ылайык, бул үчүн терроризм жана адам өлтүрүү сыяктуу 30 жылга эркинен ажыратуу жазасы колдонулат. Каталониянын мурдагы башчысы тарапташтарына козголгон кылмыш иштеринин «адилеттүү жана көз карандысыз» иликтенеринен күмөн санап жатканын айтып, каталония каатчылыгын саясий жол менен чечүүгө чакырды. «Испан бийлиги терроризмге каршы күрөшүү жылдары көп жолу айтылган зомбулукту токтотушу керек… Биз, Каталониянын көз карандысыздыгынын тарапташтары, эч качан зомбулукка барган эмеспиз».

«Сауд Арабия менен Иран бири-бирине согуш менен барууга камдануудабы? Жакынкы Чыгыштагы көзөмөл үчүн күрөштө Эр-Рияд менен Тегеран кастыктын чегине жетип, дүйнөнү түйшөлтүүдө» деп жазды Newsweek. Жекшембиде Сауд Арабиянын ракетадан коргонуу күчтөрү Тегеран көзөмөлдөгөн йемен козголоңчу-хуситтер коё берген ракетаны кармап калышты. Эр-Рияд ракетанын коё берилишин Ирандын агрессиясы деп эсептеп, аскердик аракет катары баалашы мүмкүн деп белгиледи басылма. “Бул өлкөлөр арасында уруштун эскалациясы ыктымал” деген Newsweek, «бул жаңжал Сауд Арабиядагы ички маселелерден алагды кылуу үчүн дагы өөрчүтүлүшү ыктымал» деп жазды. Себеби мураскор ханзаада Мохаммад бен Салман коррупция менен күрөшүү кампаниясынын алкагында саясий атаандаштарын жок кылууда.

Mining Weekly Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы дипломатиялык жана соода талашынын курчушу Лондон жана Орусиядагы компанияларга дагы зыян тийгизип жатканын жазды. Эки өлкө чек арасында жүктөр кармалып, кырдаалга аралашып, коңшуларды элдештирүү үчүн үчүнчү тараптардын басымы күчөөдө, деп белгиледи басылма.

Aisa Times басылмасы Өзбекстандын жаңы президенти Шавкат Мирзиёевдин валютага эркиндик берүү, чет элдик инвесторлорго мамилени өзгөртүү, Дүйнөлүк банк менен кызматташууга көңүл бөлүү, курулуш үчүн тез уруксат берүү, бирдиктүү энергетикалык систаманы калыбына келтирүү боюнча жүргүзгөн реформалары Борбор Азиядагы экономикалык жана соода абалынын жакшыруусуна жол ачатдеп эсептейт.

XS
SM
MD
LG