Буга чейин дипломатиялык өкүлчүлүктүн маңдайына үч персиялык өлкөнүн – Тажикстан, Ооганстан жана Ирандын достугун айгинелеген архитектуралык курулуш салынары айтылган.
Мохаммад Жавад бир нече жылдан бери алгач ирет Душанбеге келген ирандык жогрку кызматтагы аткаминер болуп калат. Бирок тажик бийлиги дипломаттын сапары тууралуу маалымат бере элек.
Учурда тажик-иран мамилелери өтө солгун абалда. 2015-жылы Тажикстанда тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясынын төрагасы Мухиддин Кабири “Ислам биримдиги” конференциясы үчүн Тегеранга чакырылгандан кийин эки өлкө ортосундагы ишеним төмөндөп кеткен. Кийинчерээк тажик каналдары жарандык согуш үчүн расмий Тегеранды күнөөлөгөн даректүү тасманы жарыялаган.
Мохаммад Жавад Зариф 10-11-ноябрда БУУнун колдоосу алдындагы Самаркандда өтө турган эл аралык конференцияга да катышат.