Ссылки доступа

Ак үй Коммунизм курмандыктарынын күнүнө карата билдирүү жасады


Ак үй «Орусиядагы большевиктик революциянын 100 жылдыгы белгилеген 7-ноябрь — Коммунизм курмандыктарынын күнүнө карата билдирүү жасады.

Америкалык администрация «большевиктердин революциясы Советтер Союзун жана адам жашоосунун эркиндиги менен өнүгүүсүнө шайкеш келбеген он жылдаган эзүүчүлүк коммунизмди жаратканын» белгиледи.

Ак үйдүн шейшемби күнкү билдирүүсүндө Кошмо Штаттар чечкиндүү түрдө жаркын жана эркин келечекти эңсегендер тарапта болору жазылган.

"Өткөн жүз жылдын ичинде коммунисттик-тоталитардык режимдер дүйнө боюнча 100 миллиондон ашык кишини өлтүрүп, эксплуатацияга жана зомбулукка алышкан. Бул кыймылдар бошотуу деген шылтоолор менен системалык түрдө бейкүнөө адамдарды өз оюн эркин айтуу сыяктуу башка көптөгөн ыйык укуктардан ажыратып келишкен. Эркиндикти эңсеген жарандар зомбулук, коркутуу жана мажбурлоо менен мамлекетке баш ийдирилген. Бүгүн ошол кезде өлгөндөрдүн бардыгы жана коммунизмден жабыркап жаткандар биздин эсибизде", - деп жазды Ак үйдүн басма сөз кызматы.

Орусияда 2017-жылы 7-ноябрда бийликке большевиктерди алып келген Октябрь революциясынын жүз жылдыгы белгиленди. Алардын бийлиги 1991-жылы, СССР кулагандан кийин аяктаган.

XS
SM
MD
LG