Ссылки доступа

Мөңгү мыйзамына каршы акция жума күнү уланат


Бишкекте мөңгүлөрдү сактап калууга арналган тынч митинг аяктады. Анын уюштуруучулары эми ушундай эле акцияны жума күнү, 10-ноябрда “Парк отель” мейманканасынын алдында улантарын билдиришти.

Алардын айтымында, бүгүн Ак үй алдына чыккан митингчилердин өкүлдөрү Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитетинин башчысы Айтмамат Назаров менен жолугууга аракет кылышты. Анын жардамчылары “Суу кодексине” өзгөртүү киргизүү маселеси 10-ноябрда вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин катышуусу менен "Парк отелде" өтөрүн жана ага каалоочулар катышып, пикирин билдирсе болорун айтышты.

Бишкекте Ак үй алдында "Суу кодексине" сунушталган өзгөртүүлөргө каршы акция өтүп, ага 60ка жакын жарандык активисттер, саясатчылар катышып, бул өзгөртүүлөрдү четке кагууга парламентти чакырышты.

Катышуучулар "Мөңгүдөн колуңарды тарткыла!", "Мөңгүнү сактайбыз!" деген ураандарды айтып турушту

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитети 31-октябрда "Суу кодексине" киргизилген өзгөртүүлөрдү үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөткөн.

Өкмөт иштеп чыккан мыйзам долбоордо алтын казуучу компанияларга айрым учурларда мөңгү аймактарында иш жүргүзүүгө уруксат берүү сунушу камтылган. Бийлик Кумтөр кениндеги Давыдов жана Лысый мөңгүлөрү эрип, түгөнүп калгандыктан аларда кен казууга уруксат берүүнү сунуштоодо.

Эгер документ парламенттин жалпы жыйынында каралып, жактырылып, ишке кирсе, Кумтөр кенин иштеткен канадалык "Центерра Голд" компаниясы Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүндө тоскоолдуксуз иш жүргүзө алат.

В Бишкеке прошла акция в защиту ледников
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:00:50 0:00

Экологдор Кумтөрдөгү ар кыл жардыруулар, муздарды бир орундан экинчи жайга көчүрүү мөңгүлөрдүн эришин тездеткенин билдирип келишет. Чет элдик компания мөңгүнүн эришин жаратылыштагы өзгөрүүлөр менен байланыштырган.

XS
SM
MD
LG