Ссылки доступа

Turkish airlines вице-президенти "Өзбекстан аба жолдорунун" кеңешчиси болду


«Узбекистон хаво йуллари» улуттук компаниясынын учактары

“Өзбекстан аба жолдору” улуттук компаниясы түрк эксперти Орхан Сиврикаяны стратегиялык өнүгүү боюнча кеңешчи катары чакырды.

Компаниянын сайтындагы маалыматтарга караганда, түрк кеңешчисин тартуу маселеси Өзбекстан президентинин Түркиядагы сапары учурунда талкууланган.

50 жаштагы Орхан Сиврикая техника илимдеринин доктору, жарандык авиация боюнча белгилүү топ-менеджер. Босфор университетинин инженердик өнөр жай факультетинин бүтүрүүчүсү Түркия, Европа, Түндүк Америкада жооптуу кызматтарда иштеген. Ал авиакаттамдарды пландоо, жаңы бизнес-моделдерди түзүү, тобокелчиликтер, маркетинг менен кирешелерди башкаруу боюнча өзүн көрсөтө алган. Буга чейин Turkish Airlines компаниясынын вице-преиденти болуп келген.

Орхан Сиврикая 6-ноябрдан тарта ишке киришти. Ал авиакомпанияны өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуу, учактар паркын пландоо, маркетинг жана сатууну оптимизациялоо жана маалыматтык технологияларды киргизүү багытында иштейт.

Жума башында Мамлекеттик туризм комитети төрага кеңешчиси катары Садик Бадакты дайындаган.

XS
SM
MD
LG