Ссылки доступа

Улюкаевдин сотуна 2 миллион доллар алып келишти


Алексей Улюкаев
Алексей Улюкаев

Орусиянын мурдагы экономикалык өнүгүү министри Алексей Улюкаевдин сотуна 2 миллион доллар алып келишти. "Интерфакс" маалымдагандай, айыптоочу тарап аткаминер пара катары алгысы келген акчаны сотко көрсөтүүгө ниеттенүүдө.

ММКлардын маалыматы боюнча купюралар чоң картон коробкада жана полиэтилен баштыкта салынган.

Октябрда өткөн сотто прокурор Уликаевдин пара менен кармалганы тартылган видеороликти көрсөткөн. Жазуулардын биринен министр “Ростнефть” компаниясынын гаражына жакын токтогон унаадан чыгып, баштыкты алганын көрүүгө болот.

Мурдагы экономика министри Алексей Улюкаев өткөн жылдын 15-ноябрь күнү "Роснефть" компаниясынын кеңсесинде Игорь Сечинден пара алып жаткан жеринен кармалган. Эртеси эле күнү Путин аны "ишенимдин кеткенине байланыштуу" кызматтан алган.

Тергөөнүн ырасташынча, айыпталуучу «Башнефть» компаниясын сатып алууну оң баалоо үчүн эки миллион доллар талап кылган. Тергөө ошондой эле пара талап кылып жатып, Улюкаев "Роснефть" компаниясынын өкүлдөрүн коркутуп-үркүткөнүн да билдирген.

XS
SM
MD
LG