Ссылки доступа

Ирандын ТИМ башчысы Тажикстанга келди


Ирандын ТИМ башчысы Мохаммад Жавад Зариф Тажикстанга бир күндүк сапары менен келди. 8-ноябрда аны Душанбе эл аралык аэропортунан өлкөнүн тышкы иштер министринин биринчи орун басары Низомидин Зохиди тосуп алды.

Бүгүн Жавад Зариф Ирандын Тажикстандагы элчилигинин жаңы имаратынын ачылыш аземине катышат. Буга чейин дипломатиялык өкүлчүлүктүн маңдайына үч персиялык өлкөнүн – Тажикстан, Ооганстан жана Ирандын достугун айгинелеген архитектуралык курулуш салынары айтылган.

Иран ТИМинин басма сөз катчысы Бахром Касыминин айтымында, Мохаммад Жавад Зариф Душанбеге Тажикстан жетекчилигинин чакыруусу менен келди.

Ирандын тышкы иштер министри бир нече жылдан бери Душанбеге келген ирандык жогорку кызматтагы алгачкы аткаминер болуп калды

XS
SM
MD
LG