Ссылки доступа

Чек ара кызматы «Ак-Тилек» бекетиндеги тыгындын азайышынын себебин түшүндүрдү


Кыргыз-казак чек арасындагы оор жүк ташуучу автоунааларды өткөргөн Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы "Ак Тилек" бекетинде машинелердин тыгыны азайды. Учурда аталган бекетте 40тай фура турат. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, казак тарап акыркы үч күндөн бери бул бекет аркылуу автоунааларды өткөрүүнү тездетти.

«Казак тараптан текшерүү тариптери өзгөргөн жок. Кезек күткөн унаалардын азайышы — чек арадан бош фуралар текшерилбей өткөрүлүп жаткандыгы менен түшүндүрүлүүдө. Болжолдуу эсеп боюнча, чек арада турган 50 жүк унаанын 20сы бош болгон», - деп билдиришти мекемеден.

Чек ара кызматы «Ак-Тилек» бекетинде кезек күткөн унаалардын азайышынын болжолдуу дагы бир себеби катары жүк ташуучулардын товар ташуунун жана сатуунун башка жолдорун караштырып жаткандыгын атады.

Ошол эле маалда жүргүнчүлөрдү, автобус, маршруттук таксилерди жана жеңил машинелерди өткөргөн "Ак Жол" (Казакстанда "Кордай") бекетинде ушу тапта киши жана транспорт тыгыны жок. Бирок түштөн кийин абал өзгөрүшү мүмкүн. "Ак Жолдо" кээ бир күндөрү саат 11ден кечки 17.00гө чейин 100-200дөй киши топтолуп өтүп жатат.

10-октябрдан тарта кыргыз-казак чек арасында текшерүү күчөтүлүп,"Ак Тилек" бекетинде эле 500-600гө дейре оор жүк ташуучу автоунаалардын тыгыны пайда болуп, алардын кезеги 10 чакырымдан ашып кеткен болчу. Астана бул кадамын алгач Кыргызстандагы президенттик шайлоо, андан кийин Кытайдан келген аткезчиликке каршы күрөш деп түшүндүргөн.

XS
SM
MD
LG