Ссылки доступа

Франция соту Азербайжандын журналисттерге каршы жазган арызын кароодон баш тартты


Элиз Люсе (архивдеги сүрөт)
Элиз Люсе (архивдеги сүрөт)

Франция соту Азербайжан өкмөтүнүн France Télévisions телеканалына жана журналисттер Элиз Люсе менен Лоран Ришарга каршы жазган арызын кароодон баш тартты. Бул чет мамлекеттин бийлиги журналисттерге каршы доо арыз менен француз сотуна кайрылган алгачкы учур болуп калды.

Баку журналисттерди Франциянын мурдагы президенти Франсуа Олланддын Азербайжанга болгон сапары тууралуу эки жыл мурдагы репортажында айткандары үчүн айыптоодо. Алар теле жана радиоканалдын эфиринде Азербайжандагы режимди «диктатура», ал эми Ильхам Алиевди «деспот» деп аташкан.

Соттун чечиминде ММК эркиндиги тууралуу мыйзам боюнча мамлекет жаранды же журналистти жалган жалаа жабууга айыптап сотко берүү укугуна ээ эмес экендиги белгиленген.

«Чек арасыз кабарчылар» уюмунун 2017-жыл үчүн чыгарган сөз эркиндиги индексинде Азербайжан 180 өлкөнүн ичинен 162-орунга жайгашкан. Укук коргоочулар өлкөдө журналисттердин ишмердүүлүгү кыйла чектелгенин билдирип келишет. Өз кезегинде Баку цензура тууралуу айыптарды бир канча жолу четке каккан.

XS
SM
MD
LG