Ссылки доступа

Сот Навальныйдын Путинге каршы арызын четке какты


Алексей Навальный шайлоочулар менен жолугушууда
Алексей Навальный шайлоочулар менен жолугушууда

Москванын Тверь райондук соту оппозициячы Алексей Навальныйдын Орусия президенти Владимир Путинге каршы жазган арызын кароодон баш тартты. Бул тууралуу Коррупцияга каршы күрөшүү корунун юристи Иван Жданов Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Сот өз чечимин Навальныйдын эркиндиги менен мыйзамдуу кызыкчылыктарына зыян келтирилбегендиги менен түшүндүрүп, анын арызы административдик сот өндүрүшүнүн тартибинде каралууга жатпай тургандыгын билдирди.

Өткөн аптада Москва соту оппозициячынын Путинге каршы арызын каттаган. Навальный Кремлди анын 2018-жылдын мартындагы президенттик шайлоого катышуу аракеттерине тоскоолдук жаратып жатат деп айыптоодо.

Оппозициячыл саясатчы соттолгондугу жоюлбаганына байланыштуу президенттикке талапкер боло албайт деген БШКнын бүтүмүнө карабай шайлоого катышуу аракетин көрүүдө. Орусиянын көптөгөн шаарларынын бийликтери Навальныйдын тарапташтары менен жолугушууларды өткөрүүсүнө уруксат берүүдөн баш тартышууда. Анын штабдарынын ыктыярчылары менен кызматкерлери бийлик тарабынан басым жасоолорго, коркутуп-үркүтүүлөргө жана кол салууларга дуушар болуп келишет.

XS
SM
MD
LG