Ссылки доступа

Өкмөт мөңгүлөр боюнча позициясын ачыктады


Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитети мөңгүлөрдүн жылышы – Кумтөр кенин талкалап кетиши ыктымал экенин билдирүүдө. Мекеме парламент “Кумтөр” долбоорунун үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздоого милдеттендиргенин баса белгилейт.

Комитет карьердин бортуна мөңгү кулап түшпөөсү үчүн алдын алуу иштери жүрүп жатканын маалымдады. Ошондой эле Кумтөр кениндеги Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүн көчүрүүнү легалдаштырууга жол ачкан “Суу кодексине” киризилген өзгөртүүлөр көз карандысыз эксперттердин катышуусу менен каралганын белгиледи.

“Адистер эгер карьерди консервацияоо кырдаалы түзүлсө, Кумтөр кениндеги өндүрүш көп убакытка токтоп кала турганын белгилешти. Бул учурда карьердин борбордук борту кулап, суу каптап, ишти кайра жандандырууну кыйла оорлотот”, - деп айтылат билдирүүдө.

“Суу кодексине” өзгөртүүлөрдү киргизүүнү Жогорку Кеңештин профилдик комитети 31-октябрда кабыл алган. Бул Давыдов менен Лысый мөңгүлөрүн талкалоону жана көчүрүүнү легалдаштырат. Мыйзам долбоорунун автору болгон өкмөт бул демилгени экономикалык кызыкчылыктан улам көтөрүп жатканын, мөңгүлөр ансыз да ээрип жатканын белгилөөдө. Эксперттер болсо документ аларды талкалоону мыйзамдаштырат деп эсептешет.

8-октябрда Бишкекте активисттер мөңгүлөрдү коргоо боюнча акция өткөрүшкөн.

XS
SM
MD
LG