Ссылки доступа

Өзбекстан кызылча жана кызамык ооруларын жеңди


Өзбекстан Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан кызылча жана кызамык оорусун жойгон өлкө катары расмий түрдө таанылды. Ташкенттеги ЮНИСЕФ өкүлчүлүгү өлкө бул илдеттерди 2014-жылдан 2016-жылга чейин жеңүүгө жетишти деп билдирди.

2007-жылы Өзбекстан иммунизация боюнча улуттук жылнаамасына кызылча, паротит, кызамыкка каршы вакцина киргизген. Балдар 12 айга толгондо жана 6 жашка чыкканда колдонула турчу эки вакцина өмүр бою бул ооруларга каршы иммунитет пайда кылат. Өлкө эмдөөлөр менен толук камтылган.

«Өзбекстанда 14 жашка чейинки балдар калктын 27% түзөт. Эмдөө келечек муун үчүн саламаттыкты сактоо тармагында экономикалык жактан эффективдүү инвестиция болуп эсептелет», – деп белгиледи ЮНИСЕФтин Өзбекстандагы өкүлү Саша Грауманн.

ЮНИСЕФ өлкөгө жаңы вакциналарды сатып алууга колдоо көрсөтүүдө. 2020-жылга карата Өзбекстан вакцияналарды өз алдынча сатып алууну камсыздоону пландоодо.

XS
SM
MD
LG