Ссылки доступа

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама: Трамп Астана, Бишкек, Ташкент жана Душанбеге келеби?


Урматтуу өнөктөштөр! Силерге "Басма сөзгө баяндама" аттуу жаңы рубриканы сунуштайбыз. Бул жерде дүйнөлүк басылмалардын башкы макалалары менен тааныша аласыңар. Мындай формат силерди кызыктырабы? Эгер жакса, силер үчүн анын жумасына канча жолу чыгып турганы ылайыктуу?

Дональд Трамп Си Цзинпинди Түндүк Кореянын «өзөктүк коркунучун» токтотуу үчүн тез жана натыйжалуу чараларды кабыл алууга чакырды. Бул тууралуу The Guardian басылмасы жазды. Пекиндеги расмий жолугушуу маалында Кытай лидерин мактаган Трамп Ким Чен Ындын өзөктүк дымагын ооздуктоодогу Си Цзинпиндин колдоосун жогору баалай турганын билдирди. “Мен Силердин президентиңер тууралуу бир нерсени билем: эгер ал кайсыл бир иштин үстүнөн берилгендик менен иштесе, сөзсүз көксөгөнүнө жетет. Анын дал ушундай экенинен шегим жок», деп жазды басылма Трамптын айткандарын.

Ошол эле маалда Le Monde басылмасынын журналисти белгилегендей, Пекинде Трамптын өзөктүк программа боюнча сөздөрү анчалык бекем болгон жок. АКШ президенти Кытайда каатчылыктын чечилиши боюнча оптимисттик көз карашын көрсөтүп, Түндүк Корея менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө чакырууда. Француз басылмасы буга чейин Түштүк Корея парламентинде сүйлөгөн Трамп «мындан ары дүйнө өзөктүк курал менен опузалаган, элден чыгып калган режимге чыдай албай турганын» айтканын белгиледи.

«Президент Дональд Трамп Азияны кыдырып жүргөн чакта, коңшулаш жайгашкан стратегиялык аймактар эгемендик алган 26 жылдан бери АКШ президентинин алгачкы сапарын күтүп жатышат», деп жазат Independent Journal Review басылмасы. Борбор Азиядагы беш өлкө — Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан тууралуу жаңылыктарда көп айтылбай, америкалыктардын көбүнө алардын эч кандай тиешеси жоктой сезилет. «Чынында аймак АКШнын Ооганстан согушундагы стратегиясынын ийгилиги жана анын Түштүк Азиядагы экономикалык реинтеграциясы үчүн абдан маанилүү. Президент Трамп Ооганстанда ийгиликтерге жетишүүгө аракет кылганы менен анын администрациясы дүйнөнүн бул чыңалган бөлүгүндөгү тынчтык жана туруктуулук үчүн Борбор Азиянын маанилүүлүгүн таанышы керек» деп жазды басылма.

Басылма «учурда АКШда Ооганстандын айланасындагы туруктуулукту камсыз кылуучу, андагы мыйзамсыз маңзат сатууга каршы күрөшкө көмөктөшүүчү, терроризмдин каржыланышын кыскартуучу жана Орусия менен Кытайдын таасирин теңөөчү аймак катары — Борбор Азиядагы өз таасирин кеңейтүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Бул Кытай инвестициялап жаткан он миллиарддаган доллар каражатты талап кылбашы мүмкүн, бирок саясий эрк, АКШ саясатындагы ыкыластуулук менен ырааттуулукту талап кылат. Бул Трамптын Азияга болгон багыты үчүн маанилүү саясий план болуп эсептелет», деп жазды.

БУУнун колдоосу алдында Өбекстан өкмөтү тарабынан 11-12-ноябрда уюштурула турган “Коопсуздук жана туруктуу өнүгүү” конференциясынын алдында БУУнун Ооганстан боюнча атайын өкүлү жана БУУнун Миссиясынын башчысы Тадамичи Яматото The Diplomat басылмасына Ооганстандагы абалды жөнгө салуудагы Борбор Азия өлкөлөрүнүн позитивдүү ролун баса белгиледи.

«Прогресс баарыбыз үчүн улуттук кызыкчылык болуп эсептелет, бирок ал кеңейген сайын чоң эффектке ээ болот, коңшуларды тартат жана эффекттин масштабын бекемдөөгө шарт түзөт. Аймактын келечеги кең, бирок товар алмашуу кызмат көрсөтүүнү өнүктүрүү зарыл. Кара жолдорун кеңейтип, деңизге жаңы коридор ачса, Борбор Азия жана Ооганстан гүлдөп өнүгөт”, деди дипломат. Ал Самаркандда өтө турган конференция бул тапшырмаларды чечүүдө “жаңы эшиктерди ачат” деген ишенимин арткан.

Эр-Рияд Түркмөнстанды расмий түрдө мунай экспорттогон өлкөлөрдүн уюмуна (ОПЕК) чакырды. Сауд Арабиянын энергетика жана өнөр жай министри Халид Аль-Фалих Al Arabiya English басылмасына Түркмөнстан мунай бирикмесине байкоочу болот деп билдирди. Министрдин айтымында, саудиялык алдынкы SABIC, Ma'aden жана Aramco компаниялары Каспий деңизине жакын өлкөлөрдө мунай жана газ өндүрүү үчүн миллиарддаган доллар салууга даяр.

XS
SM
MD
LG