Ссылки доступа

Француз институту Орусия же Казакстандагы радиациялык авария тууралуу билдирди


Франциянын өзөктүк жана радиациялык коопсуздук институту (IRSN) Европанын үстүнөн радиоактивдүү булутту байкады. Талдоочулардын пикири боюнча бул сентябрдын соңундагы Орусия же Казакстандын ядролук объектисиндеги радиациялык авариядан белги бериши мүмкүн.

Институттун кызматкерлери учурда адамдардын ден соолугу коркунучта эмес, бирок авария болгон учурда бир нече чакырым радиуста жайгашкан элдерди көчүрүү зарылдыгы талап кылынмак деп белгилешти.

Окумуштуулар метеорологиялык маалыматтарга таянуу менен радиациялык булут Урал тоолорунун түштүк тарабынан пайда болгонун божомолдошууда.

Октябрдын ортосунда “Роспотребнадзор” Свердлов жана Челябинск облустарындагы радиациянын деңгээлине байкоо жүргүзүп баштаган. Казакстан француз окумуштууларынын билдирүүлөрүнө комментарий бере элек.

Кеп негизинен медицинада колдонулчу 106-рутений жөнүндө болуп жатат. Буга чейин абадагы изотоптун жогору деңгээли тууралуу Германия дагы кабарлаган.

XS
SM
MD
LG