Ссылки доступа

Мирзиёев Борбор Азия өлкөлөрүнүн башчыларынын ассоциациясын түзүүнү сунуштады


Өзбекстан Борбор Азия өлкөлөрүндө Аймак башчыларынын ассоциациясын түзүүнү сунуштады. Жергиликтүү ММКлар кабарлагандай, бул демилгени өзбек президенти Самаркандда өтүп жаткан “Борбор Азия: бир тарых жана жалпы келечек, туруктуу өнүгүү” конференциясы учурунда айтты.

«Учурда аймак аралык кызматташууга өзгөчө көңүл бөлүү зарыл. Буга байланыштуу Борбор Азия өлкөлөрүнүн бизнес-коомчулугунун жана аймак башчыларынын ассоциациясын түзүүнү сунуштайм. Биз регион башчылары жана бизнес-коомчулугу менен түз диалог жүргүзгөн маалда жыйынтык чыгат. Биз аларга жардам бермек түгүл жолтоо болбогон маалда дагы натыйжа жакшы», – деди ал.

Өзбек президентинин пикиринде, бул механизм аймактагы индустриалдык, инвестициялык жана интеллектуалдык дараметтерди жигердүү ишке киргизүүгө көмөк берет.

Мындан тышкары Мирзиёев жыл башынан бери Өзбекстандын аймактагы өлкөлөр менен товар жүгүртүүсү 20-70% жогорулаганын билдирди. Бул арада БУУнун эксперттеринин эсебинде, Борбор Азия өлкөлөрүндөгү эффективдүү кооперация аймактык ИДПны 10 жыл аралыгында кеминде эки эсеге көбөйтөт.

Эл аралык конференцияга аймактагы мамлекеттердин тышкы иштер министрлери, БУУ, Европа Биримдиги, ЕККУ, ШКУ, КМШ, дипломатиялык корпус өкүлдөрү, белгилүү эксперттер жана журналисттер болуп жалпысынан 500дөн ашуун киши катышууда.

XS
SM
MD
LG