Ссылки доступа

АКШ тажикстандык куткаруучуларга химиялык коргонуу боюнча курстарды уюштурду (видео)


Американцы организовали для спасателей в Таджикистане курсы по химзащите
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:01:38 0:00

АКШнын Тажикстандагы элчилиги химиялык, биологиялык, радиациялык жана өзөктүк булгануу маалындагы куткаруучулардын аракетине багытталган курстарды уюштурду. Терроризмге каршы күрөшүү боюнча биргеликте аракет көрүү боюнча программанын алкагында жергиликтүү куткаруучуларга атайын жабдуулар дагы тапшырылды.

Маалыматка караганда, курстарды АКШдан келген мыкты адистер өткөрүүдө. Анда куткаруучуларга коркунуч дэңгээлин туура аныктоо, алгач кандай аракеттерди көрүү керектиги жана өзүнө зыян келтирбестен адамдарды куткаруу ыкмалары үйрөтүлөт.

Беш күндүн ичинде тажик адистери америкалык кесиптештери берген байланыш каражаттары, газ өлчөгүчтөр, кычкылтек генераторлору жана дозиметр өңдүү атайын жабдуулар менен иштөөгө үйрөнүшү керек.

Тажикстанда 55 миллион тоннадан ашык ири радиациялык калдыктар сакталган Согди облусунда радиациялык коркунуч ыктымалдыгы жогору. Андан башка Душанбеден 50 чакырым алыстыкта дагы калдык сактоо жайы бар. Бирок анда коркунуч жаралуу ыктымалдыгы өтө төмөн. Ошентсе да өлкөнүн Ооганстанга коңшу жайгашканын эске алганда, анда химиялык же биологиялык курал колдонулган теракттар жасалышы мүмкүндүгүн жокко чыгарууга болбойт.

XS
SM
MD
LG