Ссылки доступа

Чек арадагы абалдан бюджет кирешеси азаят деген коркунуч бар


Кыргыз-казак чек арасындагы абалга байланыштуу Кыргызстандын республикалык бюджетине айрым күтүлгөн каражат түшпөй калышы ыктымал. Мындай тобокелчилик бар экенин бүгүн “Азаттык” радиосуна Каржы министрлигинин өкүлдөрү билдиришти.

Мекеменин коомчулук менен байланыш секторунун башчысы Гүлмира Түгөлбаева:

- Киреше түшпөй калат деген кооптонуу бар. Биз муну моюнга алабыз жана ошол тобокел жагдайларды кандай жол менен жөнгө салуу керек экенин азыр карап жатабыз, - деп билдирди.

10-октябрдан бери кыргыз-казак чек арасынан Казакстан тарапка өтүү кыйын болуп жатат.

13-ноябрда министр Адылбек Касымалиев парламенттик комитетте маалымат берип жатып, "чек арадагы кырдаалдан улам бажы багыты боюнча 400-500 млн. сом түшпөй калышы ыктымал" деп айтканын маалымат каражаттары жазып чыгышкан.

Түгөлбаева бул маалымат так эмес экенин айтууда. "Бул маселе боюнча Каржы министрлиги бажы, салык кызматтары менен чогуу иш алып барууда жана акыркы маалыматтарды 2017-жылкы республикалык бюджетке өзгөтөртүү киргизүү учурунда маалымат берилет" деди ал.

XS
SM
MD
LG