Ссылки доступа

Тажикстанда сойкуларга барган эркектерди жазалоо сунушталууда


Тажикстандын Башкы прокуратурасы интим кызматын көрсөткөн кыз-келиндерге барган эркектерди жазалоону сунуш кылды. Административдик кодекске сунушталып жаткан бул өзгөртүү парламентте 2018-жылдын башында каралат.

Тажикстандын Башкы прокуратурасынын башкармалык башчысы Фаррух Рауфов жаңы мыйзамда “түнкү көпөлөктөргө” караганда аларга барган эркектердин “жазасы катуураак” болорун эскертүүдө.

“Эгер талап болсо, анда сунуш да болот эмеспи. Шапар тепкен эркектер канчалык аз болсо, ага ылайык, өз денесин саткан аялдар да аз болот. Мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоору парламентке кийинки жылдын башында киргизилет. Анын максаты - сойкулукту азайтуу жана коомду адеп-ахлак жактан тарбиялоо. Мыйзамда “акча төлөп сүйүүнүн” ышкыбоздоруна айыппул салуу жана административдик камоо каралат”, -деди ал.

Социолог Марьям Давлатованын айтымында, ал мындай демилгени он жылдай мурда көтөрүп, атайын макала да жазган. Давлатова аялдардын сойкулукка барганына эркектерди айыптуу деп санайт:

- Биз бул абалды дайыма бир жактуу гана баалап келебиз. Аялдарды айыптап, ошол эле кезде талап болбосо, сунуш да болмок эмес экенин эске албайбыз. “Акча берип сүйүү” базары өнүгүп жатканынын бир канча себеби бар, бирок бул жерде кандай гана жагынан албайлы, ага эркектер күнөөлүү. Анткени аялдарды бул ишке барууга аргасыз кылгандар да эркектер, алардын кызматынан пайдалангандар да эркектер.

Акыркы жылдары Тажикстандын бийлиги коммерциялык секске тартылган аялдар көбөйгөнүнө бушайман. ИИМдин маалыматы боюнча былтыр интим кызматын көрсөткөн эки миңдей аял бар экени аныкталган.

XS
SM
MD
LG