Ссылки доступа

Атамбаев кыргыз-тажик чек арасынын такталбай жатышына Душанбени күнөөлөдү


Эгер Эмомали Рахмонго ашыкча «кеңеш» беришпегенде, Тажикстан менен чек ара такталып бүтмөк. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев бүгүн жыйынтыктоочу маалымат жыйынында билдирди.

Мамлекет башчынын айтымында, бүгүнкү күндө Тажикстан менен чек аранын жарымы такталган. «Биз калган 50 пайызын дагы тактоого даяр болчубуз, бирок экинчи жарымын биринчидегидей шарттарда тактоо зарыл деген бир гана шартыбыз болгон. Тажикстандын президентине "калган тилкелерди башка принциптер менен карап чыгыш керек" деп "кеңеш" беришпесе ошондой эле болмок», - деди ал.

«Костюмдун бир жеңи башка, экинчи жеңи башка түстө болуп калабы? Бул туура эмес. 1925-1926-жылдардагы документтер боюнча кароо керектигин айта башташты. Анан мен Тажикстан жок кездеги, 1923-1924-жылдардагы документтерди кароону сунуштадым. Албетте аянычтуу», - деп кошумчалады Атамбаев.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын жалпы узундугу 971 чакырымды түзсө, анын 471 чакырымы тактала элек. Эки өлкөнүн чек арасында 70ке жакын талаштуу тилке бар.

XS
SM
MD
LG