«Мамлекеттер аралык келишимдерге ылайык, Денис Хисамов өткөн аптада Орусия тарапка өткөрүлүп берилди», - деп билдирди мекеменин басма сөз катчысы Умаржони Эмомали.
Тажикстан ИИМи 23-октябрда Түркия тарап 34 жаштагы Орусия Коргоо министрлигинин мурдагы кызматкери Денис Хисамовду Душанбеге экстрадициялаганын билдирген. Маалыматка караганда, буга анын Түркия аркылуу Сирияга өтүү үчүн жасалма тажик паспортун колдонгондугу себеп болгон.
Тажик бийлигинин билдирүүсү боюнча, Хисамов Сирияда «ИМ» тобунун катарында согушуп, кийин Түркияга келгенде кармалган. Түркиядан ал Орусияга барып, анда кылмыш кылууга ниеттенген. Атайын кызматтан кандай кылмыш экенин тактап айтышкан жок.
Денис Хисамовдун тааныштары менен туугандары аны диний фанатизмден алыс окумуштуу деп сыпатташып, анын Сирияга кетишине таң калгандыктарын билдиришкен.