Ссылки доступа

Ташкентте психиатриалык ооруканадан үч бейтап качып кетти


20-ноябрда Ташкенттеги Республикалык психиатриалык ооруканадан үч бейтап качып кетти. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары ички иштер органдарындагы булактарына шилтеме кылып билдиришти.

Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, качып кеткен бейтаптар мурда бир катар кылмыштарга айыпталышкан. Бирөөсү уурулукка, экинчиси маңзат таркатып, абактан качууга жана үчүнчүсү адам денесине зыян келтирүүгө айыпталган.

Азырынча бейтаптардын ооруканадан кантип качып кеткендиги белгисиз. Медициналык мекеменин кызматкерлери бул боюнча түшүндүрмө берүүдөн баш тартышты.

Учурда милиция качып кеткен бейтаптарды издөө иштерин жүргүзүүдө. Буга байланыштуу Ташкенттеги бардык посттор күчөтүлдү.

XS
SM
MD
LG