Ссылки доступа

Ташкентте Ислам өнүктүрүү борборунун курулушу үчүн жеке турак-жайлар бузулат


Ташкенттин Эски шаар деп аталган аймагындагы «Хазрати Имам» мечитине жакын жашаган тургундар турак-жайлары бузулуп, өзүлөрү көп кабаттуу үйлөргө көчүрүлө тургандыгы жөнүндө эскертүү алышты. Бийлик ал жерге Ислам өнүктүрүү борборун курууну пландап жатат.

Аталган райондун Муяссар аттуу тургуну акимчиликтин эскертүү катын ноябрдын башында алганын билдирди.

– Бизге эскертүү каттарын жөнөтүшүп, акимчиликтин жетекчилери да келишти. Алар көп кабаттуу үйлөргө көчүүнү каалабагандарга компенсация төлөнүп, өзүлөрү үй куруп же сатып алса болорун айтышты. Көп кабатуу үй Сергел районунда экен. Биз ал районго көчүп баруудан баш тартып, шаардын борборундагы көп кабаттуу үйлөрдөн батир берип же үй сатып берүүнү талап кылып жатабыз. Биздин коңшулар да макул болгон жок. Нааразы болгондор көп, – деди ал.

Ташкент мэриясынын алындагы Архитектура жана курулуш башкармалыгынын кызматкерлеринин бири бузулган үйлөрдүн ордуна Ислам өнүктүрүү борборун куруу пландалып жатканын билдирди. Анын айтымында, аталган райондун тургундарына турак-жайлары түрттүрүлө тургандыгы жөнүндө жазуу түрүндө эскертүү жөнөтүлгөн жана алар үйлөрүн бошотуп берүүгө милдеттүү.

Маалыматка караганда, Tashkent City долбоорунун алкагында ылайдан курулган турак-жайлардын ордуна көп кабаттуу заманбап бийик имараттар тургузулат.

Алмазар жана Шайхантахур райондору жайгашкан Эски шаар аймагы Ташкенттин калк эң жыш жайгашкан бөлүгү болуп эсептелет. Анда бүгүнкү күнгө чейин эски маалелер сакталып калган.

XS
SM
MD
LG