Ссылки доступа

Тажикстан Атамбаевдин чек ара боюнча билдирүүсүн «орунсуз» деп атады


Тажикстандын Согди облусунун мурдагы төрага орун басары жана кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын мүчөсү Жумабой Сангинов Алмазбек Атамбаевдин чек ара боюнча акыркы билдирүүлөрүн «орунсуз» деп атап, муну анын маселе боюнча «бейкабар» экендиги менен байланыштырды.

Президент Алмазбек Атамбаев кечээки жыйынтыктоочу маалымат жыйынында сүйлөп жатып, эгер Эмомали Рахмонго ашыкча «кеңеш» беришпегенде, Тажикстан менен чек ара толук такталып бүтмөктүгүн билдирген. «1925-1926-жылдардагы документтер боюнча кароо керектигин айта башташты. Анан мен Тажикстан жок кездеги, 1923-1924-жылдардагы документтерди кароону сунуштадым. Албетте аянычтуу», - деген Атамбаев.

Жумабой Сангинов Эмомали Рахмон бул маселеге ар дайым Тажикстандын улуттук кызыкчылыктарын эске алуу менен мамиле кылып келгенин жана эч кимдин кеңешине муктаж эместигин белгиледи.

«Кыргызстандын президенти костюмдун эки башка жеңи тууралуу айтып жатат. Бирок чек араны демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөр маалында кыргыз тарап дайыма жүзүн өзгөртүп келген. Биз көйгөйдү эл аралык келишимдер менен мыйзамдардын алкагында чечүү керектигин айтканыбызда алар макул болуп, бирок кол коюуга келгенде кокустан эле эл аралык нормаларга туура келбеген документтерди сунушташат», - деп билдирди Жумабой Сангинов.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы 978 чакырымдык чек аранын 505 гана чакырымы толук такталып, демаркацияланган. Чек ара чийини көпчүлүк учурларда шарттуу түрдө жол жээги же калктуу конуштар аркылуу өтөт.

Душанбе чек араны 1924-1939-жылдардагы, ал эми Кыргызстан 1958-1959-жылдарда чыккан карталардагы маалыматтар боюнча тактоо керектигин билдирип келишет.

XS
SM
MD
LG