Ссылки доступа

ИМ тобу Рим Папасын коркутууда


Басма сөзгө баяндама. Германия канцлери Ангела Меркелдин карьерасы оор сыноодон өтүп жаткан маалда, Зимбабвеге Мугабе сыяктуу эле карыган диктатордун келери болжолдонууда. "Ислам мамлекети" террордук тобу Рим Папасын опузаласа, Болливуд актрисасынын өмүрү коркунучка кептелди.

Меркелдин оор күндөрү

ZDF телеканалы Ангела Меркель Германия канцлери кызматынан кетпей турганын жазды. Коалиция жеңилип калса, отставкага кетүү мүмкүнбү деген телеканалдын суроосуна Меркель мамлекетти андан ары дагы башкарууга даяр экенин билдирген. «Мен шайлоо алдындагы программаларымда белгиленген убадаларымдан баш тартууга ниеттенген жокмун», деген ал.

Эркин демократтар партиясы сүйлөшүүлөрдөн чыгып кеткен соң, Германияда коалициялык өкмөттү түзүү боюнча макулдашуулар оңунан чыкпай калып, немис саясатында күтүлбөгө окуя болду. Washington Post Германияда жаңы парламенттик шайлоолор болушу ыктымал экенин жазды. Басылма бир нече ай мурун эле Ангела Меркель Европадагы күчтүү жетекчилердин бири катары эсептелгенин, атүгүл айрымдар аны президент Трампты олимптен сүрүп чыгарып, Батыш дүйнөсүндөгү лидер болду деп жүрүшкөнүн белгиледи. Бирок азыр ал Германияда дагы таасирдүү саясатчы катары эсептелбей калды, деп жазды гезит.

Муабени "Крокодилге” алмаштыруу

The New York Times гезити «Мугабе кеткенден кийин Зимбабведеги кийинки таң кандай болот», деген суроо койду. Мамлекетти 37 жыл башкарган 93 жаштагы диктатордон кийин бийликке анын мурдагы орун басары, азыркы атаандашы Эммерсон Мнангагва келиши ыктымал. Коопсуздук кызматынын мурдагы башчысы, «Крокодил» каймана аты менен белгилүү саясатчы Мугабеден жумшак болот деген үмүттөнүүлөрдү жаратпайт деген гезит. The Guardian Зимбабведеги башкаруучу партия «туруксуздуктун булагы», экономиканын төмөндөшүнө жоопкер жана мыйзамды сыйлабаганы үчүн Мугабени бийликтен четтетүү боюнча парламентке резолюциянын долбоорун алып чыкканын жазды. Мнангагва дагы ушундай эле тагдырга туш болушу ыктымал.

ИМ тобу Папаны опузалады

​Бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган «Ислам мамлекети» (ИМ) тобунун жоочулары Рим папасы Францисктин өлүм жазасына тартылышы көрсөтүлгөн пропагандалык сүрөт жарыялашты. Newsweek басылмасы ал сүрөттү Telegram тиркемесинен тапкан - анда жүзүн ак чүпүрөк менен жашырган террорчу Рим папасынын алынган башынын жанында турганы чагылдырылган. Сүрөттүн жогорку бөлүгүндө «ар бир төгүлгөн кан» жана «ар бир бузулган үй» үчүн христиандардан өч алуу опузасы жазылган. “Мындай коркутуулардын Рождество майрамынын алдында пайда болуп жатканы таң калычтуу эмес. ИМ тобу менен анын тарапташтары бул сыяктуу билдирүүлөрдү таркатуу менен өзүнө ММКлардын көңүлүн көбүрөөк бурдурат», деп билдирген SITE Intelligence Group директору Рита Кац басылмага берген маегинде.

Болливуд актрисасынын өмүрү коркунучта

Индияда радикалдардын бири «Падмавати» (Padmavati) деп аталган тасмасы үчүн Индия кино жылдызы Дипика Падукон менен болливуд режиссеру Санжай Лил Бхансалды майып кылып же өлтүргөн адамга 100 миллион рупий (130.000 евро) убадалады. Италиянын La Repubblica гезити индиялык ММКларга шилтеме кылып, коркутуулар жана нааразылыктардан улам Viacom18 Motion Pictures кинокомпаниясы тасманы экранга чыгарууну белгисиз мөөнөткө жылдырууга мажбур болгонун жазды. Фильмдин премьерасы 1-декабрга белгиленген болчу.

"Падмавати" тасмасы Делинин Алауддин Хилжи аттуу султаны Мехвар княждыгын курчап алганын баяндаган XVI кылымдагы эпикалык поэмага негизделген. Анда ал ханыша Падмавати аялы болууга макул болсо, эч кимге тийбей турганын айтат. Бирок падышанын жубайы Падмавати уят болгондон көрө деп өз жанын кыйган. La Repubblica белгилегендей, индиялык радикалдар мында падышанын жубайы жаман адам катары көрсөтүлгөн деп эсептешүүдө.

XS
SM
MD
LG