Ссылки доступа

Түркия Казакстандан түрк лицейлердин мугалимдерин өткөрүп берүүнү талап кылууда (видео)


Түркия Казакстанда иштеп жаткан түрк лицейлеринин мугалимдерин диний ишмер Фетхуллах Гүленге байланышы бар деп айыптап, алардын паспортун узартуудан баш тартып, мекенине өткөрүп берүүнү талап кылууда.

Казак президенти Нурсултан Назарбаев мугалимдер өткөрүлүп берилбестигин айткан. Бирок Түркия Казакстандан аларга башпаанек бербөөнү талап кылууда.

Августта инновациялык билим берүү лицейинин Түркиядан келген мугалими Осман Демирелдин үйүнө алгачкы жолу Казакстандын миграция кызматынын өкүлдөрү барышып, кызынын документин сурашкан. Үй-бүлөнүн документтердин мөөнөтүн узартуу боюнча ага чейинки арыздары Түркиянын Астанадагы элчилиги тарабынан каралган эмес. Ошол эле маалда лицейлерде иштебеген башка түрк жарандарына паспорттору дароо эле берилип жатканы айтылууда.

Юрист Алибек Смаилов Казакстандан башпаанек сураган түркиялык мугалимдердин арыздары каралбай жатканын билдирди. Эми мугалимдердин юристтери маселени сот аркылуу чечүүгө ниеттенип жатышат.

Казакстанда казак-түрк окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү өз мугалимдерин колдогон флешмоб өткөрүшүүдө. Өткөн жылы өлкөдө окуу жайлардын аталыштары жоюлуп, жөн гана инновациялык билим берүү лицейлери деп гана аталып калган.

Казакстанда 27 мамлекеттик, 3 жеке лицейлер, 2 эл аралык мектеп, 2 колледж жана Сулейман Демирель атындагы 1 университет бар.

Истории турецких учителей, которых Турция требует от Казахстана выслать на родину
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:05:47 0:00

XS
SM
MD
LG