Ссылки доступа

Ташкентте транссексуал кыз гомосексуализмге айыпталууда


Ташкентте милиция шаардын 22 жаштагы М.Е. аттуу жашоочусуна карата «гомосексуализм» беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Укук коргоо кызматкерлери анын трансгендер экенин ырастаган медициналык корутундусуна көңүл бурушкан эмес.

Ташкенттин жашоочусуна ал жигитине даттанып укук коргоо органдарына кайрылгандан кийин кылмыш иши козголду. «Мен бир бала менен сентябрда таанышып, чогу жашай баштаганбыз. Он күндөн кийин ал мени көчөдө сабап, туугандарым салып жиберген 300 долларды тартып алып, телефонумду уурдап кетти. Анан мен милицияга кайрылууга аргасыз болдум», – деди ал.

Айтымында, укук коргоо кызматкерлери анын жигитин кармашып, ага карата «адамдын денесине зыян келтирүү» беренеси менен кылмыш ишин козгошкон. Кийинчерээк арызданган М.Е. аттуу жарандын өзүнө дагы кылмыш иши ачылган.

– Тергөө маалында мени чакырышып, бачабаздык беренеси менен кылмыш ишин козгошту. Мен эмненин негизинде кылмыш иши козголгонун сурасам алар: «Тиги бала менен жакын мамиледе болгом деп өзүңүз айтпадыңызбы», деп жооп беришти. Бирок мен тергөөчүгө эркек эмес, транссексуал экенимди айткам, –​ деди М.Е.

Айтымында, медициналык корутунду анын эркек эмес экенин ырастаган. «Мен өзүмдү аял деп эсептейм. Күбөнүн сөздөрүнөн кийин мен Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылып, алар мени медициналык кароого жөнөтүштү. Гормондорумду текшерип чыккан комиссия менде эркектин эч нерсеси жок деген корутунду чыгарды. Комиссия мүчөлөрү операцияга даяр экенимди айтышты», ​– деди М.Е.

Бирок укук коргоо органдарынын кызматкерлери медициналык документтеги маалыматтарды эске алышпай, анын ишин прокуратурага жөнөтүштү.

XS
SM
MD
LG