Ссылки доступа

Казак сенатынын спикери Атамбаевдин "сакайып кетүүсүн" каалады


Казакстан парламентинин сенатынын төрагасы Касым-Жомарт Токаев бүгүн президенттик постту өткөрүп берген Алмазбек Атамбаевдин “сакайып кетүүсүн” каалады. Муну менен ал Атамбаевдин өзүнө карата айткан сөздөрүнө жооп берди.

“Викиликсте АКШ дипломаты Янгдын түркиялык дарыгерлерге шилтеме берүү менен Атамбаевдин психикалык ооруга чалдыкканы жана анын ичимдикке берилгени тууралуу маалыматы чыкты. Бул паранойяны өөрчүтөт. Эми баары түшүнүктүү болду! Ага тек сакайып кетүүнү тилейбиз”, - деп жазды Токаев Twitter баракчасына.

15-ноябрда Атамбаев кыргыз-казак чек арасындагы абалды "экономикалык блокада" деп атап, коңшу өлкө жетекчисин “карыган диктатор” катары сыпаттаган.

Казак сенатынын төрагасы жана тышкы иштер министри ошол замат кыргыз президентинин сөзүн саясий олдоксондук катары баалашкан. “Атамбаевдин Казакстанга ыплас асылуулар менен коштолгон кезектеги туталанма сөзү чыныгы жакшы коңшулук мамилеге зыянын гана тийгизет”,-. деп жооп кайтарган Касым-Жомарт Токаев өзүнүн Twitter баракчасына.

Алмазбек Атамбаев 20-ноябрда Бишкекте өткөн жыйынтыктоочу маалымат жыйынында айрым жогорку кызматтагы казак аткаминерлерин кожоюнунун айткандарынын баарын ылгабай жасаган “жасакерлерге” салыштырган.

XS
SM
MD
LG