Ссылки доступа

Мирзиёев кызматкерлерине кол көтөргөн аткаминерлерди жазалоону убадалады (видео) 


Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 15-ноябрдагы өкмөт жыйынында аткаминерлердин кол алдындагы кызматкерлерге кол көтөрүүсү мамлекеттин саясатына каршы келерин билдирди. Ал мындай аракеттерге барган жетекчилер жазаланарын белгиледи.

Мамлекет башчынын айтымында, кол алдындагы адамдарды кемсинтип, сөгүп жана сабаган аткаминерлердин аракеттерин мамлекет менен президенттин саясатына каршы багытталган аракет катары баалоого болот.

«Биздин арабызда өз жоопкерчилигин унутуп калган жетекчилер бар. Алар каалаганын кыла алабыз деп ойлошот. Бизге алардын кызмат абалын пайдаланып, кол алдындагы кызматкерлерге орой мамиле кылып, кемсинтип, айрым учурларда кол көтөрүп жаткандыгы тууралуу маалыматтар келүүдө. Биз мындай аракеттерге каршыбыз. Бул терс көрүнүштөрдөн кутулушубуз керек», – деди Шавкат Мирзиёев.

​Анткен менен буга чейин кол алдындагыларды кемсинтип, кол көтөргөн аткаминерлер дале өз кызматтарында иштеп жатышат. Алардын арасында сентябрда мектеп директорлорун сабаган Сырдарья облусундагы Сайхунабад районунун акими Носиржон Эгамбердиев дагы бар.

Облус акимчилигинин басма сөз кызматынан бул маселе аймакта пахта терүү өнөктүгү аяктагандан кийин караларын билдиришти.

Чиновник избивает директоров школ: громкая история из Узбекистана
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:05:06 0:00

Өткөн жумада «Азаттыктын» өзбек кызматы Ташкенттин Паркент районунун пахта штабынын чогулушунда жазылып алынган аудио файлды жарыялаган. Анда пахта талааларына жетиштүү адам жөнөтпөгөндүгү жана мамлекетке пахта тапшыруу боюнча туура эмес маалыматтарды бергендиги үчүн ишканалар менен уюмдардын жетекчилерин, ошондой эле маале аксакалдарын сөгүп жаткан район башчысы Нематулла Абдуллаевдин үнү жазылган. Учурда ал дагы өз кызматында иштөөсүн улантып жатат.

На 45-минутном собрании хоким Паркента использовал матерные слова 126 раз
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:01:18 0:00

Андан тышкары 21-ноябрда интернетке Анжиян шаарынын башчысы Дильмурод Рахматуллаевдин пахта теримге аз киши жөнөткөндүгү үчүн жергиликтүү мектеп жана колледж директорлорун кемсинтип жаткандыгы жазылган аудио жарыяланган.

Хоким Андижана директорам колледжей и лицеев: «скотины», «шакалы», «ишаки»
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:59 0:00
XS
SM
MD
LG