Ссылки доступа

Ооганстанда ИМ тобунун өзбекстандык колбашчысы кармалды


Ооганстандын Жүзжан облусундагы Шибирган шаарында өзүн "Ислам мамлекети" деп атап алган экстремисттик топтун кол башчысы кармалды. Колго түшкөн өзбекстандык Шерзод Анваров анда 36 жоочуну башкарганы айтылууда.

– Тергөөнүн жүрүшүндө ал ИМ тобунун Жүзжан провинциясындагы талаа командирлеринин бири болгонун моюнуна алды. Шерзод Анваров жакын арада Борбор Азиядагы мамлекеттердин бирине кетүүгө камынып жаткан. Бирок кайсыл өлкөгө экени аныктала элек, – деп билдирди Жүзжан облустук акимчилигинин өкүлү Мухаммед Риза Гаффари.

Анын айтымында, аталган аймакта «Ислам мамлекетинин» Ооганстанда жана Өзбекстанда туулган бир нече талаа командирлери бар.

Жүзжан облусу согушкерлер активдешкен аймактардын бири.

"Ислам мамлекети" террордук уюмуна Борбор Азия мамлекеттеринен барган жүздөгөн адамдар кошулуп кеткени айтылып жүрөт.

XS
SM
MD
LG