Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлагандай, 25-ноябрга караган түнү тартип сакчылар бир нече кафени тинтүүгө алган.
Сойкулук менен алектенген 16 аялга карата административдик протокол толтурулган. Спирт ичимдиктерин ичип, коомдук тартипти бузган 5 кишиге айып пул салынган. Өлкөнүн ар кыл аймагынан келип, каттоого турбай, туруктуу иштеген жери жок жүргөн 363 жаран аныкталган.
Бул арада киши өлтүрүүгө айыпталып, эл аралык издөөгө алынган 43 жаштагы кыргызстандык жаран кармалган.