Ссылки доступа

Тажикстанда салафилер менен байланышта делген кардиохирург соттолду


Тажикстанда сот кардиохирург Абдумалик Саломовду өлкөдө тыюу салынган диний уюмга тиешеси бар деп таап, беш жарым жылга эркинен ажыратты. Анын шериги делген эки киши дагы соттолду.

Саломов айыптоолду четке какты.

41 жаштагы Согди облусунун жүрөк-кантамыр хирургия борборунун дарыгери Абдумалик Саломов, анын классташы жана таанышы Тажикстанда тыюу салынган «Салафия» кыймылы менен байланышта деген шек менен августта кармалышкан. Тергөө маалымдагандай, алар согдилик салафилер уюштурган аш үстүндөгү жыйынга катышышкан.

Саломов — Тажик медициналык университетинин бүтүрүүчүсү. Он жылдай Москвада жашап, мекенине 2015-жылы кайтып келген. Саломовдун кесиптештери анын камалышын күтүүсүз окуя катары баалашты.

Тажикстандын Жогорку соту 2009-жылы«Салафия» кыймылын экстремисттик деп таап, өлкөдө анын ишмердүүлүгүнө тыюу салган.

XS
SM
MD
LG