Ссылки доступа

Күндүн маанилүү сүрөттөрү жана видео баяндары


ММКлар бул маалыматтарды каалагандай колдоно алышат. Каалоочуларга видеотасмалардын түп нускасын да жиберебиз. Директ топтомунан дагы керек болгон видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Азия: тоок багуу үчүн насыялар. 28-ноябрь. Казакстанда дизел отунунун тартыштыгы жаралды. Өзбекстандын банктары президенттин кеңеши менен тоок багуу менен лимон өстүрүүгө насыя бербөөнү чечишти. Казакстандык журналист ММК тууралуу мыйзамдын кабыл алынышына каршылыгын билдирип, бакка колун байлап алды. (видео)

- Француз үчүн Кыргызстан мүмкүнчүлүктөр өлкөсү болуп калды. Ян Ле Коз Кыргызстанда ийгиликтүү ишкерге айланды. Бишкектеги алгачкы шарап дүкөнү менен ресторандын ээси бир жыл мурда консалтинг компаниясын ачкан. (Директтен видео)

- Базар-Коргон. Жергиликтүү тургундар өз каражатына эки мектеп курушту. (Кыргызстандан видео)​

- Ошто бир кылымдык тарыхы бар өзбек театры 99-сезонун ачты. (Кыргызстандан видео)

- Казакстанда күйүүчү май каатчылыгынан чочулашууда. (Директтен видео)

- Нью-Йорк чатырларындагы келечек фермалар. Агрардык революция америкача. (Настоящее время)

- Эң жаш саясий лидерлер. 31 жаштагы Себастьян Курц быйыл Австриянын канцлери болуп шайланып, дүйнөдөгү эң жаш саясий лидер болуп калды. (Директтен видео)

- Орусиядан чыгарылган польшалык тарыхчы кайра кайтып келүүнү каалайт. Орусия бийлиги эч кандай себептерин түшүндүрбөстөн эле польшалык тарыхчы Генрих Глембоцкийдин тез арада Орусиядан чыгып кетүүсүн талап кылды. Мындан бир нече күн мурда Польшанын Улуттук эстеликтер институтунун кызматкери НКВДнын «польшалык операциялары» жөнүндө лекция окуган. (Директтен видео)

- Беларуста кармалган украин журналисти расмий түрдө тыңчылыкка айыпталды. (Директтен видео)

- Улюкаев алгачкы жолу Сечин менен жолукканы тууралуу кеңири айтып берди. Орусиянын мурдагы экономикалык өнүктүрүү министри 2 млн доллар пара алууга айыпталууда. Ал 15 жылга соттолушу мүмкүн. (Директтен видео)

- Алеппону эскерип Берлинде автобустардан тосмо орнотушту.(Настоящее время)

- Ачарчылык курмандыктарын эскерип шам жагуу. Бир нече жыл мурда Симферополдун украин гимназиясы 1932-1933-жылдардагы ачарчылыктын курмандыктарын эскерүү боюнча жалпы украиналык акцияларга катышчу. (сүрөт баян)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

XS
SM
MD
LG