Ссылки доступа

Ислам кайра жаралуу партиясынын мурдагы мүчөсү Ирандан Душанбеге кайтып келди


Тажикстанда тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясынын башчысынын мурдагы кеңешчиси Саидиброхим Назар өткөн жумада Ирандан Душанбеге кайтып келди.

Назардын туугандарынын билдиришинче, ал 2015-жылы августта Иранга чыгып кетип, ошондон бери мекенине келе элек болчу. Анын жубайынын айтымында, күйөөсү өлкөгө төрт күн мурда келген жана ага карата эч кандай басым жасоолор болгон жок.

Азырынча Назардын өлкөгө келүүсүнө кандай шарттарда мүмкүн болгону белгисиз болууда.

Ислам кайра жаралуу партиясынын башчысы Мухиддин Кабиринин мурдагы кеңешчисинин Ирандан Душанбеге кайтып келгенин алгачкылардан болуп тажик оппозициячысы Додожон Атовулло кечээ маалымдады. Ал Фейсбук баракчасындагы билдирүүсүндө Назардын бул кадамын «Кабиринин жеңилүүсү» деп атады. «Саидиброхим Назар Ислам кайра жаралуу партиясынын эң башкы фигураларынын бири болчу. Ага партиянын саясатына макул болбогон башка адамдардын кошулары кабарланууда», - деп жазды ал.

2015-жылы жайында Душанбенин Сино райондук соту көп аял алуу боюнча ага 60 миң сомони айып пул салган.

XS
SM
MD
LG