Ссылки доступа

Душанбеде АКШ элчилигин алдоо аракети үчүн эки кишиге айып пул салынды


Душанбенин эки тургуну жасалма штамптарды пайдалангандыгы жана АКШнын Тажикстандагы элчилигинин кызматкерлерин алдоого аракет кылгандыгы үчүн ири өлчөмдөгү айып пулга жыгылышты. Бул тууралуу Исмоили Сомони райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, мартта Душанбенин тургундары Шодиёр Наркулов менен Мохира Рахимова өздөрүн ишкер катары көрсөтүп, АКШ элчилигинин кызматкерлерин алдоого аракет кылышкан. Алар америкалык визаны алуу жараянын жеңилдетүү үчүн паспортторуна Азербайжан менен Беларустун чек ара бекеттеринин жана Душанбенин көзөмөл-өткөрмө бекетинин жасалма штамптарын бастырып алышкан.

Паспорттордогу штамптардын жасалма экенин АКШнын Душанбедеги элчиси байкап калган. Элчилик экспертиза үчүн аларды Тажикстандын Тышкы иштер министрлигине жана Улуттук коопсуздук кызматына жөнөтүп, алар штамптардын жасалма экенин ырасташкан.

Соттук жараяндын жүрүшүндө жасалма штамптарды жергиликтүү тургундардын бири 40 долларга жасап бергендиги аныкталган. Соттун чечими менен Шодиёр Наркулов жана Мохира Рахимовага 30 миң сомони (3400 долларга жакын) өлчөмүндө айып пул салынды.

Расмий маалымат боюнча, АКШга барууну каалаган Тажикстандын жарандары алгач виза (убактылуу жашоо үчүн иммиграциялык эмес же туруктуу жашоо үчүн иммиграциялык) алышы керек.

XS
SM
MD
LG