Ссылки доступа

Кыргызстанда КМШ өлкөлөрүнүн "Үмүт" кино форуму өтөт


Бишкекте 18-20-декабрь аралыгында КМШ өлкөлөрүнүн “Үмүт” кино форуму бешинчи жолу өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинен билдиришти.

Бул жылы фестиваль Ыйман, адеп жана маданият жылына арналган.

Форумда улуттук, эл аралык жана анимациялык фильмдердин сынагы өткөрүлөт. Иш-чара үчүн тандалган тасмалар Чынгыз Айтматов атындагы Кино үйүндө көрсөтүлөт.

Калыстар тобунун курамына Кыргызстан, Казакстан жана Орусиянын белгилүү киночеберлери киришти. Фестивалдын алкагында Ыйман, адеп жана маданият жылына арналып тартылган социалдык роликтер дагы көрсөтүлөт.

XS
SM
MD
LG