Ссылки доступа

Астанада үч киши "терроризм пропагандасына" шектелүүдө


Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети 28-декабрда “терроризм пропагандасына” шектелген үч кишинин кармалганын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, шектүүлөр айланасындагы кишилерди эл аралык террордук уюмдарды колдоого, алардын ишмердүүлүгүнө кошулуу үчүн чет өлкөгө чыгууга үндөшкөн. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Ноябрдын соңунда Алматы полициясы “коомдук тартипти бузуу” акциясын өткөрүүнү пландаган топ кишини кармаганын кабарлаган. Алматы шаарынын Ички иштер департаменти бул боюнча “терроризмди пропагандалоо же террордук акт жасоого чакыруу” беренеси боюнча иликтөө жүрүп жатканын билдирди.

XS
SM
MD
LG