Ссылки доступа

Президенттик аппарат итке калпак кийгизгендерге өз баасын берет


Бул тууралуу парламенттин жыйынында президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Молдакун Абдылдаев билдирди. Ал бир катар депутаттардан итке калпак кийгизген окуяга нааразы пикирлер түшүп, маселе социалдык түйүндөрдө да катуу талкууланып жатканын кошумчалады.

- Баш кийимди ар бир улут сыйласа керек. Кыргыз дагы кыргыз болуп жаралгандан бери башынан түшүрбөй кийип келе жатат. Факты боюнча биздин аппарат дагы өзүнчө карап, баа берет деген ойдомун,- деди ал.

Буга чейин бир нече активист Бишкекте нааразылык акциясын өткөрүп, итке калпак кийгизгендерге чара колдонуу боюнча президентке кайрылуу жолдошорун билдиришкен.

Собака в национальном колпаке – унижение киргизского народа. Скандал на модном показе
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:47 0:00

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов көргөзмөдө катышуучулардын бири өз итине калпак кийгизип, улуттун ар-намысын тебелегени үчүн жоопкерчиликке тартылышы керек экенин айткан.

- Итине калпак кийгизгендер кечирим сураганына карабай катуу чара көрүш керек. Бул үчүн өкмөттүн өкүлүнө кайрылам, катуу чара көргүлө.

"Сколько бы хозяева ни просили прощения, они должны понести наказание": депутат – о киргизском колпаке на собаке
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:00:20 0:00

Итке калпак кийгизилгени Интернетке тараган сүрөт "Бишкек-Парк" борборунда өткөн "Dog’s Fashion Show 2018" аттуу иттердин мода көргөзмөсүндө тартылган. Социалдык тармактын бир катар колдонуучулары муну сынга алышкан. Уюштуруучулар катышуучулардын костюмдарына жооп бербей турганын айтып, "бул жөн гана сынак" деген жооп кайтарышкан.

XS
SM
MD
LG