Ссылки доступа

Активисттер "Бишкек парктан" 10 млн. сом талап кылып жатышат


“Бишкек парк” соода борборунун алдына бүгүн бир нече жарандык активист митингге чыгып, соода түйүнүнүн жетекчилиги улуттук баш кийим саналган калпакты шылдыңга алганын айтышты.

Активисттер 22-декабрда соода борборунда иттердин көргөзмөсү өтүп, анда катышуучулардын бири итине калпак кийигизип, улуттун намысына доо кетиргенин айтып, “Бишкек парктын” жетекчилиги кыргыз элинен кечирим сурашын талап кылышты.

Мындан башка активисттер “Бишкек парктын” жетекчилиги иттер көргөзмөсүн өткөрүүгө шарт түзгөнүнө байланыштуу айыбын жоюу максатында балдар жана карылар үчүн 10 млн. сом которушун талап кылышууда. Бул талап ишке ашпаса жарандык активисттер соода түйүнүнүн жетекчилиги мыйзам алдында олуттуу түрдө жоопко тартыларын эскертүүдө.

Активисттердин митингине “Бишкек партын” өкүлчүлүгүнөн эч ким чыккан жок.

28-декабрда Жогорку Кеңеште бир нече депутат “Бишкек парктагы” иттер көргөзмөсүндөгү көрүнүштү айыптап чыккан, ал эми президенттик аппарат улуттук баш кийимди итке кийгизген көрүнүшкө өз баасын берерин билдирген.

XS
SM
MD
LG