Чиновниктердин айтымында, генерал-лейтенант Батыр Парпиев отставкага кетүү боюнча Шавкат Мирзиёевге эки ай мурун эле арыз жазган.
- Ал өз чечимин ден соолугунун начарлап кеткени менен түшүндүргөн. Акыркы убактарда буту ооруп жүргөн. Бирок президент анын арызын кабыл алган эмес, – дешти алар.
Буга чейин Салык комитетинде жапырт түрдө “кадрларды тазалоо” жараяны өткөн.
Президент Мирзиёев 12-июлда салык кызматкерлерин ишкерлерди ыксыз текшерүүгө айыптаган. Анда өзбек лидери жакын арада салык системасында олуттуу өзгөрүүлөр болорун эскерткен.
Батыр Парпиев мекемени 2004-жылдан тарта жетектеген.