Ссылки доступа

Тажикстанда түрмөдөн маңзат трафигин көзөмөлдөгөн топ кармалды


Тажикстандын атайын кызматы Душанбе түрмөлөрүнөн тажик-ооган чек арасы аркылуу маңзат транзитин көзөмөлдөгөн соттолгон кишилердин тобун ачыкка чыгарды. Аларга карата жаңы кылмыш иши козголду.

Тажикстандын эки, Ооганстандын бир жаранынан турган кылмыштуу топ өткөн айда чек арачылар менен кагылышкан ооган аткезчилери менен байланышта болушкан.

Куралдуу кагылышуу 2-декабрда Шамсиддин Шохин районунун тоолуу Навобод аймагында болгон. Он эки аткезчи чек араны мыйзамсыз өтүп кетишкен. Кагылышуу учурунда төрт тажик чек арачысы жаракат алып, полковник Хайриддин Ахтамов мерт болгон.

Түрмөдө отурган кишилер мобилдик байланыш аркылуу аткезчилердин аракетин көзөмөлдөп турушкан. Аларга карата жаңы кылмыш иши козголду.

Ооган аткезчилери 33 килограмм маңзатын тажик өнөктөштөрүнө бериши керек болгон. Алар менен кызматташкан тажик жаранын издөө иштери уланууда.

XS
SM
MD
LG