Ссылки доступа

ЕБ менен АКШ Ирандагы жаатташкан тараптарды зомбулуктан оолак болууга үндөдү


Европа биримдиги Иран бийлигин пикир билдирүү жана жыйынга чогулуу эркиндигин сыйлоого, жаңжалдашкан тараптарды зомбулуктан оолак болууга чакырууда. Бул тууралуу ЕБнын тышкы саясат боюнча өкүлү Федерика Могерини билдирди.

Вашингтон Ирандагы зомбулуктун өсүшүнө байланыштуу БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чукул жыйынын өткөрүүнү талап кылууда. Женевадагы Адам укуктары боюнча кеңеш дагы өз пикирин билдириши керек, деп эсептейт АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Никки Хейли.

Шейшембиде БУУнун брифингинде Хейли сөз алып, ирандык демонстранттарды эр жүрөктүүлүк үчүн мактап, нааразылык акциялары өлкө боюнча башаламан болуп жатканын жана тышкы чагым жок экенин белгиледи. Буга чейин аятолла Али Хаменеи Ирандын душмандары биригип, өлкөгө зыян келтирүүгө аракет жасап жатканын маалымдаган.

Тамак-аштын, азык-түлүктүн кымбатташына, башка экономикалык көйгөйлүү маселелерге байланышкан нааразылык демонстрациялары Ирандын экинчи ири шаары Мешхедде 28-декабрда башталган. Андан бери нааразылык иш-чаралары өлкөнүн ондогон шаарлары менен шаарчаларын каптап, борбор шаар Тегерандын да бир нече бөлүктөрүнө жайылган. Толкундоолор учурунда 20дан кем эмес киши өлдү.

XS
SM
MD
LG