Ссылки доступа

Казакстанда металлургия комбинатындагы жумушчунун өлүмү иликтенет


Жумушчунун сөөгү «АрселорМиттал Темиртау» комбинатынын металлургия цехинде 3-январда эртең менен табылган. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматты Темиртау шаарынын Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынан да ырасташты.

Жергиликтүү ММКлар компаниянын басма сөз кызматына таянып, 1982-жылкы жумушчунун сөөгү ишкананын аймагындагы темир жолдун жээгинде табылганын кабарлашууда.

Компаниядан окуяны иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлгөнүн билдиришти.

22-декабрда «АрселорМиттал Темиртау» компаниясынын Тусип Кузембаев атындагы шахтасында тоо тектердин урашынан 35 жаштагы жумушчу жаракат алган.

XS
SM
MD
LG