Ссылки доступа

Иранда өкмөттү колдогондор демонстрацияга чыгышты


Өкмөттү колдогондордун Кум шаарындагы жүрүшү, 3-январь
Өкмөттү колдогондордун Кум шаарындагы жүрүшү, 3-январь

Шаршембиде Ирандын бир катар шаарларында өкмөттү колдогон миңдеген адамдар массалык демонстрацияларга чыгышты. Алар өткөн жумадан бери өлкөдө уланып жаткан нааразылык акцияларга каршы экендиктерин билдиришти.

Демонстранттар Ирандын жогорку диний жолбашчысы Аятолла Али Хаменеинин сүрөттөрүп көтөрүшүп, нааразылык акциялардын катышуучуларын айыптаган ураандарды кыйкырышты. Андан тышкары чогулгандар нааразылыктарга шыкакчы болууда деп АКШны, Сауд Арабиясын жана башка өлкөлөрдү айыпташты. Күн мурун Хаменеи акциялар үчүн жоопкерчиликти «Ирандын душмандарына» жүктөгөн.

Иранда өкмөткө каршы нааразылыктар 28-декабрда башталган. Алгач экономикалык ураандар айтылган акция тез эле саясий мүнөзгө ээ болгон. Башаламан демонстрациялардын катышуучулары өкмөткө карата нааразылыктарын ачык айтышып, айрым учурларда өкмөттүк күчтөр жана полиция менен кагылышууларга барышкан. Нааразылыктар башталгандан бери өлкө боюнча кеминде 20 киши мерт болду. Иранда бир катар социалдык түйүндөр менен мессенджерлердин иши токтотулган.

Ирандын бийлигин катуу сындап келген АКШнын президенти Дональд Трамп нааразылык акциясынын катышуучуларын ачык колдоду. "Кези келгенде Кошмо Штаттар тараптан чоң колдоону көрөсүңөр", – деп билдирди Трамп шаршембиде акция катышуучуларына кайрылып.

Вашингтон Ирандагы зомбулуктун өсүшүнө байланыштуу БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чукул жыйынын өткөрүүнү талап кылууда. Шейшембиде БУУнун брифингинде Хейли сөз алып, ирандык демонстранттарды эр жүрөктүүлүк үчүн мактап, нааразылык акциялары өлкө боюнча башаламан болуп жатканын жана тышкы чагым жок экенин белгилеген.

XS
SM
MD
LG