Ссылки доступа

Орусия Сириядагы базасында эки аскери өлгөнүн ырастады


Орусиянын Коргоо министрлиги Сириядагы аба базасы минометтон аткыланганын ырастап, анын кесепетинен эки аскери өлгөнүн да тактады.

Ошол эле маалда министрлик "Коммерсанттын" чабуулдан жети аскер учагы жок кылынганы тууралуу маалыматын четке какты.

3-январда бул басылма аскердик жана дипломатиялык булактарына таянып, 31-декабрда Орусиянын Хмеймимдеги аба базасына чабуул коюлганын жазган. Анда кеминде он жоокер жарадар болуп, төрт Су-24 бомбалоочу учагы, эки Су-35С атуучу учагы жана бир Ан-72 аскер транспорттук учагы жарактан чыкканы кабарланган.

Министрлик чабуул койгондорду террористтердин "мобилдик диверсиялык тобу" деп атады. Бирок дал кайсы топ экенин тактаган жок.

XS
SM
MD
LG