Ссылки доступа

Казакстан Кыргызстан менен Тажикстанга гуманитардык жардам бөлдү


Казакстандын өкмөтү Тажикстанга, Кыргызстанга жана Сирияга расмий гуманитардык жардам бөлүп берүү чечимин кабыл алды.

Өлкөнүн министрлер кабинетинин расмий сайтындагы маалыматка ылайык, Казакстан Тажикстанга 834, Кыргызстанга 585 жана Сирияга 555 АКШ долларын бөлүп берет.

Ушул эле чечимге ылайык, Казакстандын Коргоонуу жана аэрокосмикалык өнөр жай министрлигине 662 млн. теңге бөлүнгөн. Бул каражат өлкөдөгү жаратылыш жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу үчүн каралган.

Былтыр ноябрда Кыргызстан расмий түрдө Казакстандын 100 млн. доллар өлчөмүндөгү жардамынан баш тартып, тиешелүү келишимди денонсациялаган.

XS
SM
MD
LG