Ссылки доступа

Казакстанда Кытайга мыйзамсыз алтын кенин ташыган топ кармалды


Казакстанда узак убакыт бою мыйзамсыз өндүрүлгөн алтын аралаш кенди аткезчилик жол менен Кытайга ташып жүргөн топ кармалды. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, кылмыштуу топ Алматы, Астана жана Степногорск шаарларындагы атайын операция маалында колго түшүрүлгөн. Алардын арасында бир кытай жараны да бар.

«Алтынкөл» станциясында жалпы салмагы 106 тоннаны түзгөн эки вагон алтын аралаш кен колго түшүрүлүп, жасалма документтер табылды. Кылмыштуу топ тарабынан алтын кенин сактоо үчүн пайдаланылган кампаларда дагы тинтүү иштери жүргүзүлдү. Жыйынтыгында анда кендин арасында алтындын бар-жоктугун аныктоочу колго салынган лаборатория бар экени аныкталды», — деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.

Учурда бул факты боюнча сотко чейинки тергөө иштери башталып, бир катар экспертизалар дайындалды.

XS
SM
MD
LG