Бул берене боюнча 10 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. AsiaTerra Насреддинов менен журналист Бобомурод Абдуллаевдин кылмыш иши бириктирилиши мүмкүн экенин баса белгилөөдө.
Ташкенттик көз карандысыз журналист Бобомурод Абдуллаев атайын кызмат өкүлдөрү тарабынан быйыл сентябрдын соңунда кармалган. Ага «Бийликти басып алуу жана конституциялык түзүлүштү бузуу максатында кутум уюштуруу» айыбы тагылган.
Буга чейин тергөөчүлөр Абдуллаев менен Насреддиновду бетме-бет жолуктурушкан. Мындан тышкары экөө тең көз карандысыз адвокаттардын кызматынан баш тарткан.
48 жаштагы Хаёт Хан Насреддинов Өзбекстанда экономикалык билим алган, экономика илимдеринин доктору. Акыркы убактарда Ташкенттеги мектептердин биринде иштеген.
2010-жылдан тарта ал Свобода радиосу үчүн отуздан ашуун макала жазган. 2012-2013-жылдардан баштап чет өлкөлүк басылмаларга комментарий бере баштаган.
Убагында Насреддинов оппозициялык «Өзбекстандын күнөстүү коалициясынын» мүчөсү болгону үчүн кыйноого кабылып, өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон.