Бул факт боюнча кылмыш иши козголду. Маркумдун досунун айтымында, Түркмөнабаддагы балдар ооруканасында иштеген Назар Хыдыровду 21-декабрда иш ордунда белгисиз кишилер сабап, андан соң үйүнө таштап кетишкен.
Хыдыров облустук ооруканага жеткирилип, эсине келбей көз жумган.
Балдар ооруканасында техникалык коопсуздук боюнча инженери болуп иштеген Хыдыровго алгач инсульт диагнозу коюлуп, үч күндөн кийин боор циррозу дартына өзгөртүлгөн.
Маркумдун досу бул окуяга катышы бар делген дарыгерлердин жана тергөөчүлөрдүн атын атады. Бирок “Азаттыктын” түркмөн кызматы укук коргоо органдары менен медицина кызматкерлеринен комментарий ала албагандыктан, алардын ысымдарын жарыялаган жок.